Ош облусунун Араван районунун Нур-Абад айыл аймагындагы Фергана каналынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн, 21-июнда болжол менен саат 09:50 ӨКМдин куткаруучулары жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.