24-25-июнь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, ошондой эле Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаалардын каттамын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Ошондой эле айрым райондордо сел жүрүшү ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35,
Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус болот.
23-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 17…19 градус, күндүзгү температурасы 33…35 градус болот.