25-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Талас облусунда т түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда ттүнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 26-28.