Бишкекте коомдук унаалардын каттамы өзгөртүлөт. Бул тууралуу жолдордун курулушу боюнча пресс-турдун жүрүшүндө Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдирди.
Калаа башчынын айтуусунда, магистралдардын курулушу аяктаганда, бардык коомдук унаалар каралып чыгат.
“Биз троллейбустук линияны кошуп, каттамдын ыңгайлуу жолун түзөбүз. Жолдорду куруу маалында 2 миң 200 курулуш бузулган. Алардын ичинен 47си турак-үйлөр, калгандары мыйзамдуу жана мыйзамсыз салынган курулуштар”, — деп билдирди мэр.