Азербайжан президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Автор -

Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев Азербайжан Армиясынын 100 жылдыгына байланыштуу өткөрүлгөн аскер парадына катышты. Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.

Сагынбаев иш-чаранын алкагында Азербайжан президентинин администрация жетекчиси Ремиз Мехтиев менен жолугушту. Жолугушууда кызматташтык маселелери жана Азербайжан президентинин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары талкууланды.

Сагынбаев мындан тышкары, Азербайжан Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосунда эл аралык терроризм, экстремизм көрүнүштөрүнө, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча зарыл маалыматтарды алмашышты.