Бүгүн, 29-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33
Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,
Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус болот.