Бүгүн Ош шаардык кеңешинин 4-чакырылышындагы депутаттар 1-сессиясы өз ишин баштады.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Муратов шайлоочулардын добушуна ээ болгон депутаттарга  көбүлүк менен төш белгини расмий тапшырды.

Эске салсак, 45 депутаттык орун үчүн 13 партия ат салышкан. Натыйжада 6 партия марага жеткен. Алардын ичинен КСДП –16, «Кыргызстан» – 9, «Мекеним Кыргызстан» – 6, «Республика – Ата-Журт» – 5, «Бир Бол» – 5, «Өнүгүү-Прогресс» – 4 мандатка ээ болгон.