Мындай маалымат бүгүн, 2018-жылдын 9-июль күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аппараттык кеңешмесинде айтылды.
Аппараттык кеңешмеде КР ӨКМнин Гидрометеорологиялык агенттигинин директору Зарылбек Итибаев акыркы мезгилдердеги аба ырайынын жогорулашы боюнча маалымат берип, июль айы кооптуу экендигин билдирди.
«8-июль күнү абанын температурасы жогорку чекке жакындады, алдыда мындан да коркунучтуу аба ырайы күтүлүп жатат. Анткени, абанын температурасы мындан да жогорулап, ошол эле мезгилде тоолуу райондордо жана тоолордо өткүн өтүп, кыска мөөнөттөгү жамгырлар менен коштолот. Бул болсо, дарыялардагы суулардын жогорулашына алып келет»-деди З. Итибаев.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов КР ӨКМнин облустук башкармалыктардын башчыларына жогорудагы маалыматка өзгөчө көңүл буруп, жергиликтүү бийлик башчылары менен биргеликте алдын алуу иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Андан сырткары, бийик тоолордогу жырып кетүү коркунучу бар көлдөргө тез арада байкоо жүргүзүү зарыл экендигин белгиледи.
«Мендеги маалымат боюнча Кыргызстанда жыл сайын бийик тоолордо 2000ге жакын жырып кетүү коркунучундагы көлдөр пайда болот. Алардын ичинен 300гө жакыны ар кандай категориядагы коркунучта болушса, жыл сайын 20дан 40ка чейин 1-жана 2-категорияга кирип, өзгөчө коркунуч жаратат. Эң коркунучтуулары Челек-Төр, Тез-Төр, Аксай сыяктуулар болууда. Демек, бул багыттагы жумуштар бир күн да кечикпеши керек», —деди Н.Мирзахмедов.
Ошол эле мезгилде бийик тоолордогу көлдөргө байкоо жүргүзүү үчүн министрликте тик учактын жоктугу маселе болуп жаткандыгы айтылды.
«Кыргыз Республикасынын өзүндөгү тик учак бузулган абалда, ал эми башка тараптар менен тик учак маселесин чечүү да оор болуп жатат» , -деди министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков.
Бул маселе боюнча тез арада Кыргыз Өкмөтүнө кат аркылуу кайрылуу зарыл экендигин министр Нурболот Мирзахмедов баса белгилеп, бирок, тик учакты карап отура бербей, башка ыкмалар менен изилдөө иштерин жүргүзө берүүнү тапшырды.