Эртең, 11-июлда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23 градус, күндүз +35…+37 градус болот.