Жеке фотостудиябызды ачабыз. Бардык заманбап фотостудиялар ишмердүүлүктүн негизги үч багыты менен материалдык киреше ала алышат.
Аларга студия имаратындагы профессионалдуу сьемка, буклеттерди даярдоо же жарнама каталогун чыгаруу кирет. Баарында штаттагы фотографтын профессионалдуулугу роль ойнойт.
Ошондой эле репортаждык фотосьемка жасап, же экинчи тарапка имаратты жана бардык жабдыктарды ижарага берүү менен акча тапса да болот. Атамекендик базардын бул сегменти дагы деле толо элек, ошондуктан жаңы ишкерлерди өзүнө тарткан тармак болуп эсептелинет. Анын үстүнө күзгүлүү фотокамералардын сатыкта ылдам көбөйүшү профессионалдуу фотостудиянын кызматына суроо-талаптардын катарын да калыңдатты.
Фотостудия үчүн имарат издейбиз
Фотостудияны ачууга эң бир оптималдуу вариант болуп шаар борборуна жакын жердеги жанында автоунааларды токтотууга жайы бар имарат эсептелинет. Ошол эле учурда фотостудия бөлмөлөрүнүн аянты кенен болгону жакшы, 60 чарчы метрлик аянтты сунуштайбыз. Анын төрттөн бир бөлүгү грим жасоочу бөлмөгө, администратордун иш орунуна кетет, калган 45-50 чарчы метрин студия ээлейт, андан тышкары импровизациялык сцена, жарыктандыруу жабдыктары жана башка инвертарлар турат.
Аны менен катар шыптын бийик болушу зарыл, дубалдар 3-3,5 метрге жетиши үчүн фотостудияны кадимки батирде ачууга болбойт. Ылайыктуу кыймылсыз мүлкүңүз болбосо, маселени башка жагынан чечүүгө аракеттенүү керек.
Башка жагынан чечүү үчүн албетте, имаратты ижарага алуу керек. Мындай шыбы бийик, шаар борборунда жакын жайгашкан жана кеңири аянттагы имараттардын ижарасы арзан болбошун да билебиз, айына сизге 20 миңден ашуун акчаны ижара акысына төлөөгө туура келет.
Фотостудияны техникалык жарыктандыруу үчүн болжол менен 30 күндөй убакыт керектелет. Бул убакытка имаратты оңдоп-түзөө, бардык керектүү жабдыктарды монтаждоо сыяктуу иштер да кошулат. Адатта студиянын дубалы менен полу бетон болот, болгондо да ак, боз же кара түскө боелгону жакшы. Кээде фотографтар башка түстөрдү тандап алуусу да мүмкүн.
Бирок, ак түстөгү дубал сьемка учурунда бир топ пайдасын тийгизет. Дубалдар кара болсо фотограф кадрдагы жагымсыз тактардан кантип арылууну билбей башын катырат. Боз өң түспөлдүн жогорку деңгээлде чагылышын камсыздайт жана өң температурасынын өзгөрүүсүн ылдыйлатат, бул чоң мааниге ээ.
Фотостудия ачуунун техникалык бөлүгү
Фотостудияны уюштуруунун биринчи этабы аяктаган соң техникалык жактан муктаждыктарды камсыздоону жана профессионал фотографтарды издөөнү баштаңыз. Алгач фотоаппараттын мыкты үлгүсүн сатып алыңыз, сөзсүз бренд болсун, учурда профессионалдуу сүрөт тартууга жарай турган баасы да өтө кымбат эмес бир топ техникалар бар.
Адистердин кеңешине кулак салсак, бүгүнкү күндө бул жаатта оптималдуу вариант Canon EOS 40D Body экенин айтышат. Аны 37-40 миң сомго сатып алууга мүмкүн. Же, 30 миң сомдун айланасындагы Nikon D80 Вody да керекке жарайт.
Негизинен профессионалдуулугу жана кубаттуулугу жагынан техникалык мүнөздөмөсү жогору деп Canon EOS 5D Body айтабыз. 70 миң сомдук бул аппарата затвордун эбегейсиз ресурсу бар, бул ыкчам сьемка жасоого шарт түзөт жана сүрөттөрдү чоң өлчөмдө чыгаруу да мүмкүн.
Бирок, студиялык бөлмө ичинде 38 миң сомдук Canon EF 24-70 mm f/2.8L USM деле пайдаланса болот. Анын сапаты репортаждык сьемка үчүн иштин алгачкы этаптарында жарай берет.
Жок дегенде төрт булактан турган жарык жабдыгын да унутоо керек, алардын ар биринин кубаттуулугу 600 жоулейге жетиши керек. Мындай жабдыкты Hensel жана Bowens компаниялары чыгарышат, ар бирине болжол менен 19-20 миң сомдой чыгаша болосуз. Баса, аларды колдонууда жалпы баасы 80 миң сомду чапчыган профессионал түркүктөр, ар кандай аксессуарлар пайдаланылат.
Эми арткы планды келишимдүү көрсөтө турган атайын фондорду сатып алуу калды. Алар бир гана фотосессиялар үчүн пайдаланылчу түркүн түстөгү кагаз рулондору болушу ыктымал.
Администратор үчүн адатта иш оруну өзүнөчө бөлмөдө болууга тийиш. Ал жерге үстөл-отургуч, персоналдык компьютер жана телефон коюңуз. Булардын баарына кете турган чыгашаны эсептеңиз. Ошондой эле кийим которуштуруу бөлмөсүнө чоң күзгү, күчтүү жарыктандыргыч лампаларды да аласыз. Дагы бир чыгым- концелярдык товарларга багытталат.
Кызматкерлери жумушка алып, фотостудияны жарнамалайбыз
Жаңы гана ачылган фотостудия штаттык фотограф жана администраторсуз иш баштай албайт. Аларды жумушка алууга ушул багыттагы иш издөө жана жумуш берүүчү интернеттеги атайын порталдарга кирип, резюмелердин арасынан көңүлүңүзгө төп келгендерин чакырыңыз.
Талапкердин профессионалдуулугун анын портфолиосу аркылуу аныктаса болот, ага жараша айлык маянанын ченеми да такталат. Көбүнесе фотографка оклад жана аткарылган тапшырмалардын эсебинен пайыз коюлат, ошондо ал орточо эсеп менен айына 20 миңден ашуун акча табышы мүмкүн. Ал эми администраторго 15-20 миң сомдук айлык акы коюп берүү жетиштүү.
Фотостудияны жарнамалоо үчүн интернетти жардамга чакырыңыз. Анда атайын портал ачып, студиянын сунуштаган кызматтарын жана алардын баасын жазып, дарек, телефондорду калтырыңыз. Биринчи кардар келип берсе болгону, андан кийин аз-аздан студияңызга фотосессия жасатууну каалагандар изин үзбөй келе башташат. Башкысы, жарнаманы мыкты даярдап, студиянын жасалгасына да кем эмес көңүл буруу керек.
Фотстудиянын ишмердүүлүгүндөгү үчүнчү багытты ишке ашыруу үчүн, башкача айтканда кошумча киреше табуу максатында студия бөлмөсүн жана жабдыктарды ижарага берүүнү колго алууда мындай багыттагы кызматташууну каалагандарды табууга туура келет.
Бул жерде да студиянын ээсине интернет чоң колдоо көрсөтөт. Азыр, интернет өнүккөн заманда алып-сатуучулар, ижарага берүүчүлөр жана алуучулар бирин бири ошол жактан издеп-таап калышкан. Атайын ушул багыттагы форумдарга жарыя калтырыңыз. Ачыгын айтканда, студияны ижарага берүү менен жеке фотостудияны ачууга кеткен чыгымдарыңыз бир жарым жылда толугу менен кайтарылып, нак киреше айына 100 миңден аша баштайт.
Булак: presskg.com