Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин экинчи жыйыны өттү.
Жыйында кеңештин катышуучуларына азыркы заманда улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана кеңештин биринчи жыйынында кабыл алынган иш-чаралар планынын өкмөт тарабынан аткарылышы тууралуу маалымат берилди.
Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева баяндама жасады.
Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө маданиятты өнүктүрүү аркылуу жаңы замандын адамын калыптандырууга жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү мүмкүн экенин белгиледи.