Эртеӊ, 12-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 10-14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;
Талас аймагында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Нарын дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29.
Бишкек шаарында 12-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 33…35 градус ысыйт.