Өлкөдө бир жумада 160 ашуун айдоочу рулду мас абалында башкарып баратып кармалган

Автор -

Бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды. Бул туурасында КР ИИМинин ЖКККББнын башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июлдан 12-июлга чейин жол кыймылын тескөөчүлөр 19 миң 175 эреже бузууну катташкан. Алардын ичинен:

• 613 айдоочу светофордун тыюу салган сигналына карабай өтүп кеткен;
• 165 айдоочу рулду мас абалында башкарып баратып кармалган;
•  3277 айдоочу жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес;
•  45 айдоочуга унаасынын маңдайкы, капталкы терезелерин караңгылатып алып айдап жүргөнү үчүн чара       көрүлүп, автоунаанын баарынын тонировкасы алынган.
• 2545 айдоочу ылдамдыкты жогорулатып айдаган;
• 218 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жана башка тиешелүү документтери жок кармалган;
• 12312 дагы башка жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Айып салынуучу жайга  552 автоунаа токтотулган.