Кайната – деген өзгөчө сүрү бар, бирок ошол эле учурда аталык мээрими да бар өзүнчө кадырман адам болот. Saat.kg кезекти кайнаталардын сапаттарына берет.

1Статусу жогорулайт

Кайната келиндүү же күйөө балалуу болгондо өзгөчө каада күтөт. Анткени анын статусу мурункудан да жогорулап, мурун ата эле болсо, эми «кайын ата» деген атка ээ болот.

2Келининен уялат

Келини кайнатасынан уялса, ал келининен уялып алдыман чыгып калбаса экен деп абайлап басат.

3Абайласа да келини алдынан чыгат

Кайната келини менен өчөшкөнсүп дааратканага баратып, эшиктен чыгып же кирип келатып күнүнө бери дегенде бир-эки жолу сүзүшөт.

4Кайнатанын образына киргичекти ыңгайсызданат

Жаңы келиндүү болгондо кенен-кесир басып тура албай, мурункудай үнүн бийик чыгара албай, көнгүчөктү ыңгайсызданат.

5Келинине болушат

Көбүнчө келинин кайненесинин жемесинен кайната сактап калат. «Ал деле бирөөнүн баласы да» деп болушуп турат.

6Кайнаталар камкор келет

Келинин сыйлап, бир чети аяп билгизбей кол кабыш кылат. Өзгөчө небере бакканга кайнаталардын жардамы чоң болот.

7Келинин мактайт

Келиндин жасаган тамагына биринчи болуп комплимент айткан адам ошол болот. Даамсыз болуп калса да мактайт жана тамшанып жейт.

8Душманындай жек көрөт

Алгач күйөө баласын жаман көрөт. Анткени анын алпештеп чоңойткон кызын менчиктеп алганына ичи ачышат.

9Кийин доско айланат

Сүрдүү көрүнгөнү менен кайната бара-бара күйөө баласына жакын болуп, башынан өткөн окуялары менен бөлүшүп жакын санаалашка айланат.

10Кайнатаны небереси башкарат

Небереси «мультфильм көрөм» деп чоң атасына жаңылык көрсөтпөй жаткан көрүнүш ар экинчи үй-бүлөдө кездешет.