Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынынын күн тартибинде каралат.
Спикерликке КСДП фракцииясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө.
Анын талакерлиги “Ата-Мекен”, “Республика Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары колдойт.
Белгилей кетсек, 13-апрелде ЖКнын экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматынан бошотлуган. Анткени анын иниси Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп дайындалган. 24-апрелде спикерликке Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин ат салышып, жыйынтыгында тең добуш алып калган.