Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү буйрукка кол койду.
Узарбек Жылкыбаев 2017-жылдын 17-мартынан бери өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп келген. Ага чейин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болгон.
Ал эми Ош облусун буга чейин жетектеп келген Таалайбек Сарыбашов 18-июлда Ош шаарынын мэри болуп шайланган.
Өмүр баян:
Узарбек Жылкыбаев 1974-жылы 17-февралда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында төрөлгөн. Ал 1999-жылы Казак мамлекеттик университетинен эл аралык мамилелер боюнча билим алган. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
1999-2001-жылдары Бостери айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы;
2001-2002-жылдары «Бишкек» арак заводунун продукцияларын сатуучу;
2002-жылы Бишкек мэриясынын адиси;
2004-2008-жылдары Бостери айылдык кеңешинин депутаты;
2005-жылдары «Инвест-Радуга» жоопкерчилиги чектелген коомунун менеджери;
2005-2008-жылдары «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин маркетинг бөлүмүнүн башчысы;
2008-2012-жылдары Ысык-Көл райондук кеңештин депутаты;
2011-2013-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү;
2013-жылы «Кыргыз деңизи» санаторийинин филиалынын директору;
2015-жылы Ысык-Көл облустук Эркин күрөш федерациясынын президенти;
2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.