«Оскар» сыйлыктарына жаңы номинация кошулду

Автор -

Кино искусствосу жана Илимдер академиясы тарабынан берилген дүйнөдөгү эң белгилүү кино сыйлыгы Оскарда айрым өзгөртүүлөр киргизилди.

Академиянын башчысы Жон Бэйли менен жетекчиси Рассвет Хадсондун билдирүүсүнө караганда, «91-Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде үч маанилүү өзгөрүү болду.

Булардын биринчиси аземдин теледе көрсөтүү убактысына үч сааттык чектөө коюлушу, экинчиси аземдин дагы эрте тартылышы, үчүнчүсү жана эң маанилүүсү болсо «Өзгөчө ийгиликке жетишкен популярдуу кинотасма» темалуу номинацияны кошуу болуп саналат. Бул номинацияга «Мстители», «Безумный Макс» сыяктуу белгилүү тасмалар көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

«Оскар» сыйлыгы 2019-жылы 24-февралда тапшырылат.