“Шайлоонун альтернативдик принцибине таянып, биздин фракция Исхак Масалиевдин талапкерлигин көрсөтүүнү туура көрдү. Парламентте бир дагы фракция альтернативдик талапкерин көрсөткөн жок. Биздин оюубузча, парламентте идея жана программа боюнча атаандашуу болуш үчүн ушундай чечимге келдик”, -дейт Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, ЖКнын төрагалыгына Чыныбай Турсунбековдун гана талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан.