Эртеӊ, 18-августта өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жана калган облустарда жаан жаап күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге чейин жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;
Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Бишкек шаарында 18-августта жаан-чачын болбойт. Абанын тепмпературасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32.