Өлкөдө бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Автор -

Кыргызстан боюнча бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, 17синен 23-августка чейин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 20 миң 231 жол кыймылынын коопсуздугу тармагындагы бузууну аныкташкан.

Анын ичинен:

1 миң 599 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

1 миң 965 айдоочу унаасын жарык берүүчү шаймандары иштебеген абалда айдаган;

589 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

Коопсуздук курун тагынбай унаасын башкарып бараткан 5 миң 133 айдоочуга айып пул салынган;

Мас абалында 212 айдоочу кармалган;

Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3 миң 193 айдоочуга айып пул салынган;

Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкарып бара жаткан 68 айдоочу кармалган;

2 миң 981 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаасын башкарган;

Андан сырткары 811 унаа каражаты атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.