Эртеӊ, 29-августта өлкө аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27
Таласта түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25
Эртеӊ, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +25…+27.