Эртеӊ, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын аймактарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +23…+25 градус жылуу. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.