«Айчүрөк» соода борборунда 42 жаштагы кардар сатуучунун колунан каза болгон (Видео)

Автор -
1167

«Айчүрөк» соода борборунда каза болгон 42 жаштагы жарандын акыркы мүнөттөрү аталган мкеменин мобилдик телефон саткан жер төлөөсүндөгү видеобайкоого түшүп калган. Окуянын видеосун Талант Омуралиев аттуу жаран өз социалдык тармагына жарыялады.

Видеодо сатуучу кардарынын жанына келип, бир нече жолу муштаганы көрүнөт. Кардар ошол замат жерге жыгылган.

Белгилей кетсек, 28-августта «Айчүрөк» соода борборунун мобилдик телефон саткан жер төлөөсүндө 42 жаштагы киши набыт болгон. Анын денесинен көк ала тактар табылган. Ички иштер органдары «Адам саламаттыгына атайын зыян келтирүү» жүйөөсү менен иш козгоду.