Токтогул Сатылганов атындагы филармониядан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат ӨКМге саат 12:26да келип түшкөн. Өрт өчүрүү үчүн жалпысынан 6 өрт өчүрүү бөлүмү, ИИМдин 100 кызматкери, тез жардам кызматынан 1 бригада жана тазалык ишканасынан 2 водовоз тартылган. Өрт саат 14:00дө чектөөгө алынды.
Кырсык болгон жерде КР вице-премьер-министр Ж.Разаков, КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жеринде көзөмөлдөп жүрүшөт.