Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан 2018-жылдын 2-4-сентябрында Кыргыз Республикасына расмий визит менен келет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Визиттин алкагында Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышат.
4-сентябрда Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат, андан соң басма сөз үчүн билдирүү жасашы күтүлүүдө.
Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий визитинин алкагында ошондой эле башка бийлик бутактарынын жетекчилери менен да жолугушат.