Чемоданга жашынып, Түркияга кирүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

Автор -

Түркияда мыйзамсыз жол менен өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды. Жергиликтүү басылмалар кабарлашкандай, түрк чек арачылары өзбекстандык аялды 1-сентябрда грузин жаранынын чемоданынын ичинен табышкан.

Окуя түрк-грузин чек арасындагы «Сарп» өткөрмө-бекетинде болгон. Паспорт көзөмөлүндөгү чек арачылар грузин жаранынын чоң чемоданы шек жараткандыктан, аны ачуусун талап кылышкан. Чемодандын ичинен Өзбекстандын 27 жаштагы жараны чыккан.

Маалыматка караганда, буга чейин өзбекстандык аялдын Түркияга кирүүсүнө беш жылга тыюу салынган. Буга байланыштуу ал өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен өтүүнү каалаган.

Түрк полициясы Өзбекстан менен Грузиянын жарандарына каршы кылмыш ишин козгоп, алар камакка алынды.

Былтыр май айында дагы аталган өткөрмө-бекет аркылуу Орусиянын жараны чемоданга жашынып өтүүгө аракет кылган. Ошол эле жылы декабрда Түркияга кирүүгө тыюу салынган грузин жараны чемоданга кирип, чек арадан өтүү аракети маалында кармалган.