“Айчүрөк” соода борборунда 42 жаштагы кардардын өлүмүнө шектелген 25 жаштагы Б.у.Т. аттуу жаран эки айга СИЗО-1 киргизилди»,-деп билдирди Бишкек ШИИБи.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынган.
Аталган факты боюнча учурда кылмыш иши козголгон. Териштирүү амалдары жүрүүдө, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Белгилей кетсек, каза болгон 42 жаштагы жарандын акыркы мүнөттөрү аталган мкеменин мобилдик телефон саткан жер төлөөсүндөгү видеобайкоого түшүп калган.
28-августта «Айчүрөк» соода борборунун мобилдик телефон саткан жер төлөөсүндө 42 жаштагы киши набыт болгон. Анын денесинен көк ала тактар табылган.