7-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
347

Эртеӊ, 7-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында жаан жаап, күн күркүрөй. Ал эми тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +23…+28;

Эртеӊ, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28.