Филармонияда чыккан өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголбойт

Автор -

Улуттук филармонияда чыккан өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда экспертиза жүрүп жатат. Алдын ала алынган маалыматка таянсак, атайын өрттөө болгон эмес.

Белгилей кетсек, 30-августта филармонияда өрт чыккан.