8-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртеӊ, 8-сентябрда түнкүсүн толуу райондордо жаан-жаап, күн күркүрөйт, тоолорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүндө +8…+13, күндүз +23…+28;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27;

Эртеӊ, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28.