АКШнын коалиция күчтөрү Ирактагы абадан бомбалоодон кийин «ислам мамлекети» экстремисттик тобунун колундагы 800 миллион доллар накталай акча жок кылынды.
Бул тууралуу маалыматты Ирактын борбору Багдатта башкы генерал Петер Герстен тарабынан билдирилди.
Ал бомбалоодо террористер жашынган көп кабаттуу үйлөрдүн үстү-үстүнө бомба ташталган. Герстен топтун накталай акчалары бар деп саналган имараттарга 20 жолу абадан сокку урулганын белгиледи. Бирок АКШныны канча акчаны кантип жок болгонун айткан эмес.
АКШнын каржы министрлиги 2014-жылы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобун эң көп каржысы бар террорчу топ катары атаган.
Герстен жок кылынган акчалардын өлчөмү 800 млн доллар болушу мүмкүн экенин гана тастыктаган. Сокку урулган айрым маалыматтарда Мосулдагы бир үйдө 150 млн доллардын жок болгондугун белгиледи.
Ошондой эле акчалар сакталган бөлмөлөр бутага алынып, бомбалаганын кошумчалады.
ИШИМдин (Ирак жана Шамдын ислам мамлекети) мунай чыгарган ишканаларын кайтарып алынган жана калган бардык объектерди кайтарып алуу пландалууда.
Бул уюмдун өткөн жылы 250 миллион доллары топтогону белгиленүүдө.
Бирок уюмдун кирешеси мунайдын түшүшү жана тыш өлкөлөрдүн соккусунан аталган сан да төмөн болушу мүмкүн деп жазат hurriyet.com.tr маалымат агенттиги