Куткаруучулар кырсыкка кабылган Франциянын жаранына жардам көрсөтүштү

Автор -

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 7-сентябрь күнү саат 20:15 чамасында Алтын-Арашан капчыгайындагы Ала-Көл көлүнө жакын жерде 1989-жылы туулган А. Е. аттуу Франциянын жараны кулап, бутун сындырып алган.

Жабыркаган туристи алып келүү үчүн 8-сентябрь күнү саат 06:00дө КР ӨКМнин Каракол шаарындагы №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучу тартылып, саат 18:00 чамасында алып түшүрүлүп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда абалы канааттандырарлык.