13-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй жана Талас өрөөндөрүнүн тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;
Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21;
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23;
Эртеӊ, Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +9…11, күндүз +21…23.