ЖКнын жыйынында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен аталган орденди негиздөө сунушталды.Аталган сунушу менен депутат Аида Касымалиева тааныштырды.
Ал бул сыйлыкты эл аралык деңгээлге чыгаруу ниети каралганын кошумчалады.
«Чет өлкөлүк жарандарды сыйлоо үчүн “Чыңгыз Айтматов” ордени менен сыйлоо демилгеленди. Эл аралык кино, искусство, адабият тармагында эмгектенген жарандарга берилиши керек. Алардын тынчтыкка, адамгерчиликке жана башка жакшы сапаттарга салым кошконуна маани берилет. Албетте, кыргыз жарандары да аталган орденге жетише алат», — деди Касымалиева.
Сунушталып жаткан «Чыңгыз Айтматов» ордени III даражадагы «Манас» орденинен кийин тагылат.
Аталган демилге добуш берүүгө жиберилди.