Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан чөнтөк телефондор кармалды

Автор -

ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Нарын бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Торугарт өткөрмө пунктунда Кытай Эл Республикасынан жүк ташып келе жаткан автоунаага тыкыр кароо жүргүзүшкөн.

Жүргүзүлгөн тыкыр кароонун жыйынтыгында эч кандай бажыга тийиштүү жана товар коштоп жүрүүчү документтери жок, автоунаанын кабинасына катылган “Land Rover” үлгүсүндөгү 60 даана чөнтөк телефондорун кармашты.

Азыркы учурда кармалган чөнтөк телефондордун наркын жана бажыга тийиштүү алымдарын эсептөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.