Түркмөнстанда дары каражаттары кымбаттап, тартыш болгондуктан, базарда айрым соодагерлер мөөнөтү өтүп кеткен медикаменттердин датасын өзгөртүп кайра сатышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирүүдө.
«Эгер таблеткалар конволютада болсо, жарамдуулук мөөнөтү жазылган жогорку жана төмөнкү жагын кесип салышууда. Эгер таңгакта 10 таблетка болсо, анын төмөнкү жана жогорку жагын кесип алты таблетка кылып сатышат. Калган 4 таблетканы бирден соодалашат», — деп билдирди “Азаттыктын” кабарчысы.
Соодагерлер айнек жана пластик флакондогу дарылардын да мөөнөтүн алмаштыруунун жолдорун таап алышкан.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, кымбат дарыларды кишилер дарыканалардан сатып алышпайт. Ал эми мөөнөтү өтүп кеткен ошол эле каражаттарды арзан баада базарлардан алышууда.
Өткөн айда Лебап облусунда тез медициналык жардам дарыгерлери бейтапка медикаменттерсиз жардам көрсөтүүгө аргасыз болушканы кабарланган. Медиктер мамлекет Тез жардам кызматын дары-дармектер менен камсыздоону токтотконун билдиришүүдө.