21-сентябрда өлкөдө түнкүсүн айрым аймактарда, күндүз көпчүлүк жерде жамгыр жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурда 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21;
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +18…+20.