Семинарга «Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов, муфтияттын бөлүм жетекчиси Равшан Эратов жана башка окуу жайдын мугалимдер жамааты катышты.

Академиянын маалыматына таянсак, экстремисттик топтор исламдын атын жамынып коомго коркунуч келтирүүдө жана алардын пропагандасы күчтүү болуп жаткандыктан Кыргызстан үчүн да кооптуу кырдаалдар жаралууда. Өлкөнүн коомдук-саясий жашоосундагы диндин орду, ар кандай агымдардын жана уюмдардын көбөйүшү тууралуу маселелер каралган.

Жыйындын аягында Кадыр Маликов окуу жайдын китепканасына «Экстремизмге каршы күрөшүү» жана «Ислам боюнча кыскача маалымдама» деген аталыштардагы китептерди тапшырды.

кадыр малик