Баткендин айтылуу күрүчү бышты (Видео)

Автор -
269

Баткендин атын чыгарган өрүк менен кошо ак турпак күрүчү жыйналып, кырман көтөрүлүп жаткан мезгил. Жалпы Баткен облусунда 10 миң тоннадай күрүч өндүрүлсө, көпчүлүгү жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолот. Ал эми күрүчтүн дөөзире деген сортун кардарлар алдын ала атайын буюртма берип, базарга чыгарбай эле дыйкандын үйүнөн алып кетишет.