Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылында чек арачыларга батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
«№ 2030 аскер бөлүгүнүн аймагында 3 кабаттуу 24 батирлүү үй салынды. Турак жайдын сметалык баасы 53 миллион 652 миң сомду түздү. Курулуш иштери былтыр апрелде башталган»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, чек арачыларга бериле турган үйдүн баардык шарттары каралган.