Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун 2-курсунун студенти каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.
“Бүгүн, 25-сентябрда болжол менен саат 7:00дөр чамасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун 2-курсунун курсанты “С.И” каза болду. Окуянын чоо-жайы такталууда”, — деп айтылат маалыматта.
Башкы штаб бардык маалыматтар иликтөөдөн кийин берилерин баса белгиледи.