Папуа-Жаңы Гвинея авиакомпаниясына караштуу учак Трук аралындагы аэропортко коно албай, көлгө кулады. Учакта экипаждын 12 мүчөсү жана 35 жүргүнчү болгон. Бактыга жараша, эч кимге олуттуу жараат келген жок. Бул тууралуу ВВС Кыргыз кызматы билдирет.
«Boeing учагы аэропорттогу учуу-конуу тилкесинен 146 метрдей алыстыктагы көлгө авариялык конуу жасады»,-деди Трук эл аралык аэропортунун кызматкери Жимми Эмилио.
Бул учак Понпеи аралынан чыгып, Вено аралына конуп, андан ары Порт-Морсбиге учмак.
Учактын бортундагы бардык жүргүнчү кайык менен жээкке чыгарылып, ооруканага текшерилүүгө жөнөтүлдү. Алардын айрымдары бираз травма алып калды, деди Эмилио.
«Башында биз жерге жакшы эле кондук деп ойлогом. Бирок учактын ичине суу кирип, жанымдагы тешикти көргөнүмдө гана эмне болгонун түшүндүм. Тилекке каршы, стюардессалар дүрбөлөң түшүп, кыйкыра баштады. А мен болсо колуман келишинче бирөөлөргө жардам бергенге аракет кылдым»,- деп билдирди жергиликтүү гезиттин редактору Билл Жейнс.
Азырча учак кырсыгынын себептери расмий түрдө айтыла элек. Иликтөө иштери жакынкы убакытта башталганы жатат.
Кырсыкты иликтөөчү комиссиянын өкүлү Рейтер агенттигине маалымат берип, окуя болгон жерге жеткени калдык деп айтты. (ErA)