Кыргызстанда 21-октябрдан тартып абанын температурасы жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет ишканасы билдирди.
Чүй өрөөнүндө 21-26-октябрда абанын температурасы +16 градустан +20 градуска чейин жогорулайт. Өлкөнүн түштүк аймагында абанын температурасы +18 градуска чейин көтөрүлөт. Нарын облусунда +6 градустан +15 градуска чейин жетсе, Талас жана Ысык-Көл облустарында +5 градустан +15 градуска чейин жылыйт.
Ал эми эртең Бишкек шаарында күндүз абанын температурасы +5℃ге чейин көтөрүлсө, түнкүсүн -5℃ суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.