Тажикстандын аймактарында тонналаган түшүм кар алдында калды (видео)

Автор -

Тажикстандын бир нече аймагына күтүүсүз кар жаап, дыйкандар түшүмдөрүн жыйноого үлгүрбөй калышты.

Файзабад районунун тургундары 10 күн мурда алма тере башташкан. Бирок кар түшкөнгө чейин болгону 50% гана терүүгө жетишкен.

Жергиликтүү тургундардын бири Тагоймурод Усмонов 17-октябрда кар жаап, коңшу дыйканчылык чарбасында 40-50 тонна алма жыйналбай калганын билдирди. «Картөшкө, буурчак, капуста сыяктуу бардык жер-жемиштер кар алдында калды. Бардык чарбалар чыгымдарын эсептеп жатышат. Мен болжол менен 50-60 миң сомони (6 миң доллардан ашык) чыгым тарттым», — деди ал.

Райондун Калъаи Дашт айылындагы дыйкан чарбалардын биринин төрагасы Насрулло Рахимовдун айтымында, айрым дыйкандар жыйнаган түшүмүн жылуулуп коюуга жетишпегендиктен, алардын көбү үшүп кеткен.

«Биз алма тере баштаганда жаан башталган. Тергендерибизди чогултуп, үстүн жаап койгонбуз. Бирок жаан карга айланып, 15 тоннага жакын алма жоготтук», — деди ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, Калъаи Дашт айылында эле фермер 2 миң тоннага жакын алманы үшүтүп жиберишти.

​Калың кардан улам бир нече айыл электр жарыгысыз калды. Мындан тышкары айылдарга бара турган жолдордо карт күрткүлөр пайда болду.