Эртеӊ, 25-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;
Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +11…+16;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +19…+21.