29-октябрда өлкө аймагында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;
Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 11…16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 15…17 градус болот.