Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы -10 градуска чейин төмөндөйт

Автор -
380

31-октябрда жана 1-2-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2 ноябрда жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

1-2-ноябрларда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо жана Ысык-Көл ойдонунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.  Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

1-3-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

-Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу тегерегинде,

-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу,

-Ысык-Көл ойдунунда түнкүсүн -5…-10°,  күндүз 0…-5° суук,

-Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук,

-Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Электр зымдарына суу кар жабышып, үзүлүү коркунучун алып келет. Андыктан, тоолуу унаа жолдор менен алыскы сапарга чыгаар астында, унааңыздын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну унутпаныз, машинада чынчырча, күрөкчө, болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаал катталаган учурда 112 кызматына билдириңиз, чалуу акысыз.