Эртеӊ, 1-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;
Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланат. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -1…+1, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.