Наталья Никитенко милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Автор -
399

Наталья Никитенко милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Урматтуу  милиция кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын милициясынын күнү менен куттуктайм.

Ушул кесипке өмүрүнүн күлгүн кезин арнаган ардагерлерине да ыраазычылык билдирем. Сиздер Кыргыз Республикасынын милициясынын өнүгүшүнө, өлкөдө укук тартибинин сакталышына зор салым кошуп, муундар ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылып келе жатасыздар.

Сиздерге бекем ден-соолук, тынчтык жана бакубат турмуш, ишиңерде ийгиликтерди каалайм.