Эртеӊ, 3-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Айрым аймактарга туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;
Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Бишкекте жаан-чачын жок. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн -4…-6, күндүз +1…+3. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.